Итикул Молдобаев атындагы орто мектеби
МЕКТЕПТИН МИССИЯСЫ:
Окуучуларды алган билимдерин турмушта пайдалана билген, коомдо өзүнүн ордун таба ала турган гумандуу, активдүү атуулдук позициясы бар инсанды тарбиялоодо ата-эне, коомчулукту мектеп турмушуна аралаштыруу аркылуу билим сапатын көтөрүү.
МЕКТЕПТИН МАКСАТЫ:
Окуучуларга сапаттуу билим берүүдө окутуунун инновациялык технологияларын, ыкмаларын пайдалануу менен мыкты көрсөткүчтөргө, ийгиликтерге жетишүү.
2022-2023-окуу жылына карата жогорудагыдай миссия, максат менен иш баштап, төмөндөгүдөй милдеттердин үстүндө иш алып барылат:
- Жаны технологияларды колдонуу менен окуучулардын билим сапатын жогорулатуу жана сапаттуу билим алуусуна мүмкүнчүлүктөрдү кенейтүү.
- Алдынкы, чыгармачыл мугалимдердин тажрыйбаларын жайылтуу, профессионалдуулугун арттыруу. Жаш мугалимдерге усулдук жардамдарды уюштуруу.
- Окуучуларды коомдо талап кылынуучу эн жөнөкөй көндүмдөрүн калыптандырууга тарбиялоо.
- Коомчулук, ата-энелер, демилгечи топ жана көзөмөлчүлөр кенеши менен тыгыз иш алып баруу.
- Мектептин материалдык-техникалык базасын чындоо. Мектепти жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин жакшыртуу.
2022-2023-окуу жылында жалпы 122 окуучуга 25 мугалим билим-тарбия берет.
Отличниктер -16, ударниктер 34, билим сапаты 56% (2021-2022 окуу жылынын жыйынтыгы боюнча).
Мугалимдерден Жогорку билимдуу-22, атайын орто-3 мугалим.
Эмгек стажылары боюнча: 5-жылга чейинки – 4, 10-жылга чейин-6, 15-жылга чейинкилер-3, 15 жылдан жогору-12 мугалим бар.
Билим берүүнүн отличниги-4,
МНО грамотасын алган мугалимдер-2,
облОНО грамотасын алган мугалимдер-3,
РБББ грамотасын алгандар-15
Күтүлүүчү натыйжа:
Ар бир окуучунун табигый мумкунчулугун, шыгын, жондомун аныктап, окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттырып билим беруу менен коомго керектуу инсанды окутуп тарбиялоого аракеттер корулот.