Окутуу жана тарбиялоо боюнча директордун орун басарынын
жылдык иш планы
Максаты: Окутуунун жаӊы усулдарын, инновациялык технологияларды пайдаланып, ата-энелер менен бирдикте окуучулардын билим сапатын жогорулатууга жетишүү.
Күтүлүүчү натыйжалар: Социалдык- экономикалык кырдаалга ыңгайлашып кете алуучу, сапаттуу билимге ээ болгон, өзүн-өзү өнүктүрүүгө аракеттенген жана өз мекенинин татыктуу атуулу болууга умтулган бүтүрүүчүлөрдү, инсандарды даярдоого аракеттер көрүлөт. Сапаттуу билимге ээ болушат.
Окуучулардын окуудагы жетишендиктери 2-5% га чейин жогорулайт.
Окуу-тарбия процессин ишке ашыруу
1-бөлүм Укуктук-ченемдик актыларга,көрсөтмөлөргө (“Билим берүү Мыйзамы”, “Мугалимдин статусу”, “Билим берүүнүн мамлекеттик стандарты”) ылайык педагогикалык жамаатта окуу-тарбия программаларынын аткарылышын талдоо.
2-бөлүм Окутуу-тарбиялоо процесси:
- Билим сапатын көзөмөлдөө жана жакшыртуу.
- Электрондук китепкана
- Окуу ишмердүүлүгүн уюштуруу жана жетишкендиктерди көзөмөлдөө.
3-бөлүм Окутуудагы инновациялык технологиянын эффективдүүлүгү
- Алдыӊкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу.
- Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу
4-бөлүм Усулдук иштерди уюштуруу.
5-бөлүм Иш кагаздардын туура, так жүргүзүлүшүнө жетишүү.
6-бөлүм Ата-энелерди, коомчулукту мектеп турмушуна аралаштыруу.