Ибраимов Кутман Эсенович
Башталгыч класстын мугалими
1984-жылы 19-февралда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Осоавиахим айылында туулган.
2001-жылы Бердалы Календеров атындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылы Нарын Мамлекеттик Университетинин Гуманитардык факультетинин башталгыч класс мугалими жагына тапшырган. Окуу жайды 2006-жылы бүтүрүп, ушул эле жылы Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айылындагы Итикул Молдобаев атындагы орто мектебине мугалим болуп ишке кирген. Азыркы учурда үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Эмгек стажысы 15 жыл.
-2015-жылы С.Нааматов атындагы мугалимдердин билимин жогорулатуу жана адистерди даярдоо борборунан 72 сааттык атайын курстан өткөн.
2017-жылы Райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган.
2020-окуу жылына карата «Жыл мугалими» сынагында 2- орунду камсыз кылган.
2022-окуу жылында С.Нааматов атындагы НМУнин алдындагы мугалимдердин билимин жогорулатуу борборунан 72 сааттык окутуу курсунан өткөн.