Башталгыч класстын мугалими, кесиптик бирлик уюмунун төрайымы.
1970-жылы 26-мартта Нарын областына караштуу Кочкор районунунда туулган.
Кочкор Орто мектебин 1987-жылы аяктап, 1988-жылы Кыргыз кыз келиндер педагогикалык институтунун педагогикалык факультетине тапшырып, 1992-жылы аяктаган.
Алгачкы эмгек жолун 1992-жылы Б.Календеров атындагы орто мектебине караштуу «Жерге-Тал» башталгыч мектебинде башталгыч классынын мугалими болуп иштеген.
1997-1999-жылдары Бейшеналиев атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими болуп эмгектенген.
1999-жылы Жерге-Тал айылында ашар жолу менен бүткөрүлгөн Итикул Молдобаев атындагы толук эмес орто мектебинде алгачкы мектеп директору болуп 2002-жылга чейин эмгектенген.
Ушул кызматтарды аркалоо менен көптөгөн сыйлык сертификаттар, ардак грамоталарга, ыраазычылык каттарга , медалга ээ болгон.
1994-жылы Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамотасы
2001 жылы Чолок-Кайын айыл өкмөтүнүн грамотасы
2001- жылы «Ак-Талаа» коомунун грамотасы
2003- жылы Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниги.
2018- жылы «Данакер Лингво» маданий коомунун «Алкыш” төш белгисинин ээси
2021- жылы Билим берүү жана Илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик уюмунун Ардак грамотасы
2022 – жылы «Насаатчы» Эл Аралык коомдук фондунун «Ардактуу мугалими» медалы менен сыйланды.
С.Нааматов атындагы НМУнин алдында «Наристе 480 саат мектепке даярдоо программасы боюнча билимин жогорулатуу курсунан өткөн.
Эмгек стажысы 30 жыл.