Куштарбек кызы Гүлзат

Математика мугалими , директордун окуу тарбия иштери боюнча орун басары

Куштарбек кызы Гүлзат

1983-жылы 24-июнда Нарын шаарында туулган.

Нарын шаарынын Кычан Жакыпов атындагы орто мектебин 2000-жылы аяктап, Нарын Мамлекеттик университетинин  математика факультетине  тапшырган.

Алгачкы эмгек  жолун 2001-жылы Жерге-Тал айылындагы И. Молдобаев атындагы толук эмес орто мектебинде математика мугалими болуп иштеп баштаган. Ушул эле мектепте директордун класстан тышкаркы  иштери боюнча  орун басары, окуу тарбия иштери боюнча  орун басары болуп көп жылдан бери эмгектенип келе жатат. Азыркы учурда окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп эмгектенет.

Ушул кызматтарды аркалоо менен коптогон сыйлык, сертификат, ыраазычылык кат, ардак грамоталарга ээ болгон. 2004-жылы Ак-Талаа Райондук Билим берүү бөлүмүнүн ардак грамотасы, 2015-жылы Профсоюз уюмунун ардак грамотасы,

2021-жылы Нарын облусттук билим берүү борборунун Ардак грамотасына ээ болгон.

2021-жылы мектепти окууга даярдоо ишинде кылган эмгеги үчүн Ак-Талаа Райондук билим берүү бөлүмүнүн  ыраазычылык катына ээ болгон.

Эмгек стажысы 21 жыл.