Мамиева Ширин Өмүракуновна
Биология мугалими
1986-жылы 1-декабрда Нарын районунун Орто-Нура айылында төрөлгөн.
2004-жылы Нарын мамлекеттик университетинин табигый-гуманитардык факультетинин биология адистиги боюнча мугалимдиктин бюджеттик бөлүмүнө тапшырып, 2009-жылы аяктаган.
2009-жылдан бери Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айылындагы Итикул Молдобаев мектебинде биология мугалими болуп иштеп келе жатат.
Эмгек стажысы 13 жыл.
Жетишкендиктери:
1.2009-жылы депозитке тапшырып өтүп 86000 сом акчалай алган.
2.2010-жылы мектеп ичинде «Мыкты мугалим» конкурсуна катышып 1-орунду ээлеген.
3.Райондук мектептер арасында “Жыл мугалими” сынагына катышып райондук билим берүү бөлүмүнүн грамотасы менен сыйланган.
4.2017-жылы педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу курсуна активдүү катышкандыгы үчүн грамота алган.
5.2019-жылы «Жашыл мектеп-жашыл коом» тренингине окуучусу Нурмамбет уулу Медербек экөө катышып 1-орунду ээлеп, мектепке мусор челектерди утуп келишкен.
6.2021-жылы дагы курстан өтүүдө грамота алган. Андан сырткары мектеп ичинде мыкты класс жетекчи, мыкты мугалим, мыкты кружок жетекчи, мыкты усулдук бирикме жетекчи деген наамдарга татыган.
Курстан өтүү боюнча:
1.2017-жылы 30-январынан 12-февралына чейин мугалимдердин билимин жогорулатуу борборунда 72сааттык окуу программасы
2.2019-жылы 13-июнунунда24саат көлөмүндөгү «Сектордук өнүктүрүү программасы: Билим берүү системасын бекемдөө» модулуна катышкан.
3.2021-жылы 1-мартынан 14-мартына чейин 72сааттык аралыктан окутуу курсунан өткөн.
Кенжебаева Жанаркүл Бакасовна
Башталгыч класстын мугалими
1981-жылы 21-ноябрда Нарын областынын Ак-Талаа районунда туулган.
2001-жылы Бишкек Педагогикалык колледжин аяктап, музыка мугалими жана бала бакчага музыкалык жетекчи адистигине ээ болгон.
2006-жылы С.Нааматов атындагы НМУну аяктап, башталгыч класстын мугалими адистиги боюнча диплом алган.
Педагогикалык стажысы: 22 жыл
Сыйлыктары:
Райондук Билим Берүү Бөлүмүнүн Ардак грамотасы,
Ак-Талаа райондук маданият үйүнөн диплом,
Жылдын мыкты мугалими -2015, 2016, 2017-жыл,
Кенгуру олимпиадасына ыраазычылык кат,
Профсоюздун грамотасы 2017, 2019-жыл,
Жээнбай уулу Мирбек атындагы фонддон грамота,
Жылдын мыкты мугалими-2019 сынагынын райондук турунда 2-орунду алган.
Сертификаттары:
НМУ-2007-жыл, «Башталгыч класстар үчүн стандарттар»
-КР Билим жана илим министрлиги-2014-жыл,
НМУ-«Бирге окуйбуз» долбоору-2016-жыл,
USAID -«Келгиле окуйбуз»-2019-жыл, «Позитивдүү тарбия»
-КР Билим жана илим министрлиги-2020-жыл,
НМУ-«Наристе» мектепке даярдоо курсу-2020-жыл