Сарыгулова Нурила Таалайбековна
1991- жылы Нарын областына караштуу Ак-Талаа районундагы Кош-Дɵбɵ айылында туулган.
2008 – 2013жылдардын аралыгында Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде билим алып, жогорку билимге ээ болгон.
ϴзʏнʏн эмгек жолун Бишкек шаарынын Свердлов районундагы №35 жалпы билим берʏʏчʏ орто мектепте орус тили жана орус адабияты мугалими болуп баштаган.
2016-2017-окуу жылы Бишкектеги КАО борборунан орус тили жана орус адабияты боюнча ɵздук билимин ɵнүктүрүү курсунан ɵткɵн.
2015-2016ж.ж. аталган мектепте жаш мугалимдер арасында ɵткɵн «Жʏрɵгʏмдʏ балдарга арнайм » аттуу конкурсунда 3- орунду багындырган. Аталган мектепте 2018-жылга чейин эмгектенген.
Итикул Молдобаев атындагы орто мектебинде 2020-2021 окуу жылынан бери эмгектенет. 2021-2022- окуу жылында мектеп ичиндеги «Жыл мугалими » конкурсунда биринчи орунду ээлеп, мектептин грамотасы менен сыйланган.
2021-2022- окуу жылында Нарын шаарындагы С.Нааматов атындагы мугалимдердин ɵздүк билимин ɵнүктүрүү борборунан 75 саттык курстан ɵтүп келген.