Саякбаева Назира Шабданбековна

Директор

Саякбаева Назира Шабданбековна 1987-жылдын 23-майында Нарын областынын Ак-Талаа районуна караштуу Жерге-Тал айылында төрөлгөн.

1993-2004-о.ж. Б. Календеров атындагы орто мектебинде окуп билим алган. И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин Жаны Маалыматтык Технологиялар Институтунун физика факультетинин бюджеттик бөлүмүнө 2004-жылы кирип, 2009-жылы артыкчылык диплом менен аяктаган. Студенттик жылдарында университеттин коомдук, маданий иштерине активдуу катышып, илимий конференцияларга докладдарды даярдап, бир нече диплом, грамоталарга ээ болгон.

Эмгек жолу  2007-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин Жаны Маалыматтык Технологиялар Институтунун сырттан окутуу бөлүмүндө лаборант болуп баштаган.  2008-2009-жылы  И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин Жаны Маалыматтык Технологиялар Институтунун Информатика кафедрасында методист болуп эмгектенген.  2009-жылы Эл аралык Электрондук Университетинде студенттерди кабыл алуу комиссиясында иштеди.                        2009-жылдын   10-октябрынан баштап И. Молдобаев атындагы орто мектебине физика мугалими болуп кирип, бүгүнкү күнгө чейин эмгектенип келет. 2016-жылы «Жыл мугалими» кароо сынагынын райондук туруна катышып Ак-Талаа райондук билим берүүнүн грамотасын алган.  Мектеп ичиндеги «Чыгармачыл мугалим» кароо сынагында баш байгеге ээ болуп райондук профсоюз уюмунун ардак грамотасын алган.  «Жылдын мыкты мугалими», «Жылдын мыкты класс жетекчиси» номинацияларын алган.

2010-2011-окуу жылынан 2013-жылдын декабрь айына чейин жана 2017-2021-окуу жылдарында мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

Учурда  мектеп директору болуп иштеп жатат.  (02.09.2021)

Үй бүлөөлүү. 2 кыз, 3 уулу бар.