Ата-энелер мектебинин кезектеги сабагы «Жомоктун бала жашоосундагы мааниси» деген темада өтүлдү.
31-январда Итикул Молдобаев атындагы орто мектебинде ата-энелер мектебинин кезектеги сабагы өтүлдү. Сабактын темасы: «Жомоктун бала жашоосундагы мааниси жана жомок терапиясы » Ата-энелер мектебинин тренерлери Ашыркожоева Сайрагүл жана Шыгаева Алтынай сабакты санарип технологияларды, ар түрдүү оюндарды колдонуу менен кызыктуу өтүштү. Иш чарада ата-энелерге «Бугу эне» жомогунун негизинде куурчак театр коюлду.
Комментарии