Итикул Молдобаев атындагы орто мектебинин үч окуучусу «Кыргызстандын 100 мыкты окуучусу» наамына ээ болушту
Жыл сайын «Дордой» ассоциясынын директору Аскар Салымбековдун колдоосу менен «Кыргызстандын 100 мыкты окуучусу» кароо сынагы жарыяланып, жыл мыктылары аныкталат. Бул сынакта Итикул Молдобаев атындагы орто мектебинин үч окуучусу: Жумакадырова Калнура, Русланбек кызы Айназик, Жайлообекова Айназик «Кыргызстандын 100 мыкты окуучусу» наамына ээ болушту. Бул сынакка жети дубандын активдүү окуучулары катышып, ар кандай даражадагы дипломдор, төш белгилер менен сыйланды. Сыйлоо аземи Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өткөрүлүп, сыйлыктарды маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, коомдук ишмер «Дордой» ассоциясынын президенти Аскар Салымбеков тапшырышты.
Комментарии